Кыргызстанда январь-август айларында 3904 жол кырсыгы катталды. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8 пайызга көп. Жыл башынан берки жол кырсыктар 500дөн ашуун адамдын өмүрүн алды. Мындай абалды жоюну өкмөт өзүнүн негизги максаттарынын бири деп эсептейт. Учурда эреже бузган айдоочуларга айып пулдарды жогорулатуу боюнча мыйзам долбоору сунушталууда. POST1RIGHT
Патрулдук милиция жол кырсыктары жыл башынан тартып август айынын соңуна чейин 504 адамдын өмүрүн алганын кабарлоодо. Ал эми ар түрдүү жабыркагандар 6 миңге жакын. Тиешелүү мекемелер көйгөйдү жоюнун жолун издеп убара. Өкмөт башчысы жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча бир катар талаптарды койгон. Парламентке сунушталып жаткан жаңы мыйзам долбоору айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатат деген ишеним бар. Патрулдук милиция автоунаасын туура эмес токтоткон айдоочулар менен башкача ыкмада күрөшүүнү да максат кылууда. Унааны мажбурлап эвакуациялап убара тартпастан, анын ордуна атайын кулпулар колдонулат. Дөңгөлөккө салынган кулпу айдоочу айып пулду төлөгөндөн кийин гана алынат.
Соңку учурларда жол кырсыктарына маршруттук таксилер да көп кабылып жатат. Маселен, соңку 8 айда Чүй облусунун аймагында эле кичи автобустар катышкан 56 кырсык катталган. Патрулдук милициянын аймактык башкармалыгы маршруттук таксилердин айдоочуларына жана аларды уюштурган атайын ишканалардын жетекчилигине ай сайын түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Жаңы окуу жылынын башталышы менен окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу да актуалдуу маселеге айланды. Бул үчүн жолго жакын жайгашкан ар бир мектептерге Патрулдук милициянын кызматкерлери бөлүнгөн.