Айжамал Кабылова: "Биздин ажырашканыбызга эки жыл болду"
Новость

Учурда ырчы Айжамал Кабылованы буту-бутуна тийбей иштеп жүргөн ырчылардын катарына кошсок болот. Ананчы? Турмушунан ажырагандан бери балдарына эне да, ата да болуп, эки баласынын түйшүгү менен чыгармачылыктын түйшүгүн бирдей тартып жаткан адам иштебегенде эмне кылат? Биз мына ушул «кумурска» ырчы менен маек курдук.

– Сентябрь айы келип балдарыңыз мектепке барып, алыска гастролго чыкканды токтотсоңуз керек?

– Дагы алдыда сунуштар бар, бирок тактала элек. Стамбулга Жаңы жылдын алдында концерт уюштурабыз деп атышат. Эгерде чакыруу болсо бара берем. Туура, сентябрь айы келип окуу башталды. Кызым 2-класска барса, уулум 1-класска барып мектептин босогосун жаңы аттады. Мен учурда эки балам менен Ошто турам. Балдарым №3 гимназияда окушат. Кыз бала апасына ишенет эмеспи, мен да апама ишенем. Апам айылда эле жашайт, мен алыска кетерде келип балдар менен болот. Бир тууган иним менен келиним да жардамдашып турушат.

– Балдар дайыма апасы менен болгусу келет эмеспи, чыгармачылык сапардан келгенде балдарыңыз сизди сагынып калабы?

– Ооба, келгиче аябай сагынып, кетеримде мостоюп калышат. Анан аларга: «Эгерде мен барбасам силер окубайсыңар, муну кийбей, тигини жебей каласыңар. Мен иштешим керек», - десем ойлонуп калышат. Балдарым акылына кирип, баарына түшүнүп калышты. Жайында балдарым менен апамды Бишкекке алып келип, бир ай чогуу жашадык. Ал арада «Ата-эне» деген ырыма клип тартып алдым. Аларды Ысык-Көлгө алып барып эс алдырып келдим. Айтор, жайкы эс алууну бирге өткөрдүк.

– Балдарыңыздын атасы материалдык жактан жардам береби, деги эле балдары менен катышып атабы?

– Жок, биздин ажырашканыбызга эки жыл болду. Ошондон бери атасынан такыр кабарыбыз жок. Бул аралыкта мүмкүн келип балдарынан кабар алат деп күттүм. Эми келет экен деген сөздөрдү угуп атам. Эгерде келсе бетме-бет отуруп дос катары сүйлөшүп, балдар тууралуу адамча кеңешип алалы деп атам. «Эгерде аталык жоопкерчилик болуп жардам берсең бер, болбосо алиментке берип коё берем», - деп айтайын деп атам. Балдарымды өзүм деле бага алам. Бирок атасынан жардам болсо аларга деле жакшы да. Анын үстүнө балдарымды сабактан сырткары тил боюнча курстарга берейин деп атам. Жыпара фортепиано боюнча ийримге барат. Уулум футболго кызыгат. Балдардын муктаждыктарын канааттандырып, алардын келечеги үчүн ата-эне колдон келишинче аракет кылышы керек эмеспи.

 Жалгыздык ар бир адам үчүн оор нерсе, сизге да билинбей койбосо керек?

– Кээде чарчаганда, жетишпей бара жатканда жалгыз экеним билинет. Азыр бутум-бутума тийбей жүрөм, менин ошол абалымды көргөндөр чарчап калып атышат (күлүп). Учурда бир да эркектин сөзүнө ишенбейм, эркек деген сөлөкөт мага ушунчалык суук көрүнүп калды. Эгерде сөз айтса, жөн гана жомок сыяктуу сезилип калды.

– Сиздин сахнада жүргөнүңүзгө бир топ убакыт болду, жаштар наам алып атса капа болбой койбосоңуз керек?

– Мен 1994-жылдан бери сахнада жүрөм, быйыл 23 жыл болуп калды. Бирок чынын айтсам, наамга ушул күнгө чейин кызыгып көрбөптүрмүн. Албетте, кээде: «Мен деле ушуларчылап эмгек кылбадымбы?» - деп кылган эмгегиң үчүн өкүнүп кетесиң. Ал эми сыйлык алгандардын баарын сыйлайм, куттуктайм. Баары менен мамилем жакшы, Самара Каримова менен эже-сиңдидей катышабыз. Аларга болгон ич күйдүлүк, атаандашуу деген жок. Быйыл жай айында мен да документтеримди чогултуп жибергем. Тилекке каршы, документке карабай, бардык нерсе акчага карайт экен. Мен наам сатылат деп эч ойлобоптурмун, эми ишендим. Эмнеге биз өзүбүз кылган эмгегибиз үчүн кайра өзүбүз сатып алышыбыз керек? Эч качан акчага сатып албайм, качан өзүлөрү татыктуу бермейинче албайм. Азыр эч жерде калыстык болбой калыптыр. 31-августта Ош шаардык аянтта концерт болуп калды. Акча төлөбөсө да Ош шаары үчүн ырдап берейин деп патриот болуп баргам. Концерт башталганда менин кезегим келсе да, Бишкектен келген, кечээ эле ырдап чыгышкан балдарды менден биринчи чыгарып ырдатып атышты. Алар бир сыйрадан ырдашкандан кийин эми мен ырдайын деп атсам, кайра эле аларды чыгарып атышат. Абдан ачуум келип ырдабай баса бердим. Мындай жагымсыз көрүнүштөр чыгармачыл адамдарды капа кылат экен.

Автору Динара Чокоева 

Булак: Леди.kg