КТРКда кан тапшыруу акциясы өттү
Новость

POST1RIGHTКоомдук телерадиоберүү корпорациясында кан тапшыруу акциясы өтүүдө. Дарыгерлердин айтымында, муктаж адамдарды ажалдан арачалап калуу үчүн коомду ыктыярдуу донор болууга тарбиялоо - бүгүнкү күндүн талабы. 

Негизинен, донорлор кан тапшыруунун алдында медициналык текшерүүдөн өтөт. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен терс сапаттардан алыс, саламаттыгы чың жарандар кан тапшыра алат. Алардын жаш курагы он сегизден 60 жашка чейин болушу керек. 

Донорлор көп учурда тагдыр чечилээр учурларда бейтаптардын өмүрүнө арачы болуп, кыйын абалда жаткан адамдын ден соолугун жана өмүрүн сактап калууга жардам берет.