Ош: Тажикстандын жараны 5 кг баңги заты менен кармалды
Новость

POST1RIGHTОш облусунун Ноокат районунда 47 жаштагы Тажикстандын жараны 5 кг баңги заты менен кармалды. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, милиция кызматкерлери тинтүү учурунда коробканын ичинде катылган 5 кг опийимди таап чыгыккан. 

Учурда бул факты боюнча Кылмыш Жаза Кодексинин Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, прекурсорлорду сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү жана сатуу беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Шектүү делген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.