Чилиде илимпоздор чиркейдин чагуусунан коргой турган жана алардын санын азайтуучу зат табышканын жарыялашты. Алар өздөрүнүн изилдөөлөрүн Зика илдетине каршы каражатты табуу аракетинин алкагында жүргүзүшкөн.
Бул каражатты колдонууга чыгаруунун алдында тесттен өткөрүп алуу зарыл. Бирок бул учурда Зика эпидемиясы жаны аймактарды камтып, жайылуунун гана үстүндө.
POST1RIGHT
Каражаттын алгачкы ыкмасы өзүнө графен, жез порошогун бактерияга каршы каражаттарды, ошондой эле табигый жана токсиндүү эмес инсектицидди камтыйт. Ага жуулган кийим бир күн кечке чиркейлердин чагуусунан коргойт.
Дарт азыркы учурга чейин Латын Америкасынын бир катар өлкөлөрүндө жана Кариб бассейиндеринде катталды. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Зика вирусу ошондой эле Африка жана Азияга тарап, аны менен ооругандардын саны 4 миллионго жетерин эскертүүдө.