ГЭС-3 каналына чөгүп кеткен 43 жаштагы жаран изделүүдө
Новость http://www.1news.az

Аламүдүн районундагы  ”Кыргызстан” жаңы конушунда жайгашкан  ГЭС-3  каналына чөгүп кеткен 43 жаштагы жаран изделүүдө.  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма  сөз  кызматынан билдиришкендей, окуя 3-март күнү катталган. Издөөгө куткаруучулар чыгышып,  бирок   табышкан эмес. Издөө иштери кеч болуп кеткендиктен убактылуу  токтотулган жана  ал  жумуштар  кайра улантылат.