POST1RIGHTЫсык-Ата районунун Ивановка айылында катталган жол кырсыгынан 6 киши жаракат алды. Анын ичинен экөө каза таап, бирөө комага түштү. Кырсык 2-сентябрда кеч курун болгон.
"Мазда 626" үлгүсүндөгү автоунаа шаарды көздөй сапар алып, Бишкек-Торугарт трассасына 40 км жетпей "Тойота Лэндкрузер" үлгүсүндөгү унаа менен бет маңдай сүзүшкөн.
Белгилүү болгондой, "Тойотаны" Улуттук гравдиянын биринчи кол башчысы Абдыгул Чотбаев айдап бараткан. Мындан сырткары "Мазда" унаасы каршы тилкеге чыгып кеткендиги аныкталды. Бардык жабыркагандар райондук аймактык ооруканага жеткирилди.