Видеокаттоо комплекси күнүгө 2 миңдей жол эрежесин бузган айыпкерди каттоого алууда
Новость

Сокулук районунда видеокаттоо комплекси күнүгө  2 миңдей жол эрежесин  бузган айыпкерди  каттоого алууда.  Учурда  Бишкек-Сокулук жолундагы көзөмөл камера толук кандуу иштеп жатат.  Ал  "Коопсуз шаар" долбоорун  алкагында   тесттик режимде  ишке  киргизилген. Эске салсак, өлкөдө “Коопсуз шаар” долбоору ишке киргизилип, тендерлердин туура эмес өткөрулгөндүгүнөн  ишке ашпай калган.  Маселе   “Республика- Ата Журт” фракциясында талкууланып,  тендерлердин өткөрүлүшүнүн мыйзамдуулугун   текшерүүнү  Башкы көзөмөл органга тапшыруу  боюнча  токтом кабыл алды.

Кыргызстанда    2012-жылы  башталган “Коопсуз шаар” долбоору тендердин туура эмес жүргөндүгүнө байланыштуу ишке ашпай калган.  Планга ылайык, долбоор 3 этапта жүргүзүлмөк. Биринчи этапка Бишкек, экинчи Ош, үчүнчү Бишкек-Каракол шаарлары киргизилген. Бул маселе  “Республика Ата  Журт ” фракциясында талкууланып, жыйын соңунда депутаттар тендерлердин мыйзамдуулугун текшерүү, бул багыттагы ишти  Башкы прокуратурага тапшырууну жана маселени  Парламенттин  жыйынында талкуулоо  боюнча  токтом кабыл алды.