POST1RIGHTБишкек шаарынын Жылуулук электр борборун модернизациялоо иштери толук соңуна чыкты. Анын ачылыш аземине президент Алмазбек Атамбаев катышып, жылуулук борборунун иши менен таанышты.
Өлкө башчы Кыргызстанда акыркы жылдары энергетикалык көз карандысыздыкка карата чоң кадамдар жасалып, ири долбоорлор ийгиликтүү ишке ашып жатканын белгиледи. Маселен, Кыргызстан мурда электр энергиясынан коңшу мамлекеттерге көз каранды болуп келсе, азыркы учурда “Датка-Кемин” электр өткөрүүчү линиясы иштеп, ага алынган насыя өзүн өзү актап жатканын айтты.
Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо жумушу 2014-жылы башталып, аны 386 миллион долларга кытайлык компания курду. Жаңылоо-оңдоодон кийин ишкана 600 мегаваттка чейин электр энергиясын өндүрөт. Ал эми жаңы от казандарынын иштөөсү көгүлтүр отундун зыяндуу түтүндөрүн толук тазалоого негизделип, айлан - чөйрөгө зыянын, терс таасирин тийгизбейт.