Бишкектин Ала-Тоо жаңы конушуна көгүлтүр от кирди
Новость KTRK/videograp

Газ тармагы боюнча теманы улайбыз. Бишкектин Ала-Тоо жаңы конушуна көгүлтүр от кирди. Мындан тышкары толук реконструкция болгон Ташкент-Бишкек-Алматы магистралдык газ кууру пайдаланууга берилди. Бул ири саамалыктар Премьер-министр Сапар Исаков жана Газпром ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллердин катышуусунда өттү. Эми бул газ өтүүчү жаңы түйүн Кыргызстандын түндүк аймагын көгүлтүр от менен камсыздайт. Андан тышкары коңшу Казакстандын Алматы менен Талды-Курган облустарына үзгүлтүксүз газ берилип турат.

Ишканада бир эле учурда үч саамалык.Компаниянын жаңы борбордук имараты ачылды. Алексей Миллер менен премьер-министр Сапар Исаков баш болгон меймандар ишкананын Кыргызстандын газ тармагын башкарып, көзөмөлдөй турган диспетчердик бекети жана компаниянын борбордук аппараты жайгашкан заманбап имараттын тасмасын кесишти. 

Ушул жаңы имаратта өкмөт башчы менен компаниянын жетекчилиги теле көпүрө аркылуу толук реконструкция болгон Бухара газ району Ташкент-Бишкек-Алматы магистралдык газ алып өтүүчү тилкесинин ишке киришине уруксат беришти. 

Бул “Газпром” ишканасынын Кыргызстанды газ менен камсыз кылуу боюнча алгачкы ири долбоору. Тилкедеги жүз он бир чакырым газ куурлары толук жаңыртылды. Бул көгүлтүр оттун сапаттуу жетишин жана өткөрүү мүмкүнчүлүгүн эки эсе кеңейтет. Газ өткөрүү магистралын куруу Борбор Азия чөлкөмү үчүн өзгөчө мааниге ээ. Себеби бул көгүлтүр от түйүнү аркылуу газ Ташкенттен Казакстанга Кыргызстан аркылуу берилет. Ошондо газ өтүүчү жаңы түйүн Кыргызстандын түндүк аймагын көгүлтүр от менен камсыздайт жана коңшу Казакстандын Алматы менен Талды-Курган облустарына үзгүлтүксүз газ берилип турат. Газ куурлары кыргыз-казак чек арасынан баштап “Сокулук” станциясына чейин жаткырылды. Анын өндүрүмдүүлүгү жылына 1,7 млрд куб метр газды түзөт. 

Өкмөт башчы Сапар Исаков “Газпром” ишканасынын өлкө экономикасын чыңдоого кошкон зор салымын белгилеп, жакынкы келечекте компания Кыргызстандын баардык булуң-бурчуна чейин газ жеткире турганын билдирди. 

Ал эми Алексей Миллер Кыргызстанды газ менен камсыздоо программасынын алкагында “Газпром-Кыргызстан” баардык милдетти аткара турганын билдирди. Айтымында учурда республика учурда 27 пайызга көгүлтүт менен камсыз болду, 2030-жылга чейин өлкө аймагынын 60 пайызына газ жеткирилет. 

Телекөпүрө аркылуу премьер-министр Сапар Исаков менен “Газпром” ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер борбордун “Ала-Тоо” жаңы конушунун 1658 турак-үйүнө жаратылыш газынын берилишине да күбө болушту. Конушту газ менен камсыздоо жумуштары 2017-жылдын июнь айында башталып, курулуш жумуштарына баш-аягы 150 млн сом сарпталган. Жалпы узундугу 31 чакырым газ куурлары жаткырылган. 

Былтыр “Газпром-Кыргызстан” ишканасы тарабынан Бишкектин 10 жаңы конушу жана Чүй облусунун калктуу аймактары жаратылыш газы менен камсыз болгон. Ал эми быйыл компания Бишкектин 13 жаңы конушун жана Чүй менен Ош облустарынын калктуу аймактарына көгүлтүр от тартуу үчүн 350 километр бөлүштүрүүчү түйүн курат.