Ош: аялдын өлүмүнө шектүү катары келини кармалды
Новость xcKTRK/videograp

POST1RIGHTОш шаарындагы башы кесилген аялдын өлүмүнө шектелген адам кармалды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдиргендей, аялдын өлүмүнө шектелип жаткан адам 30-40 жаштардагы аял. Аны 28-августта аялдын жансыз денеси ташталган аймакка жакын жердеги үйлөрдүн биринен кармашкан. 

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат. Маалыматка караганда, шектүү аял Алай районунун жашоочусу жана маркумдун келини болгон. 

Эскерте кетсек, 27-августта Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи районундагы Ош мамлекеттик социалдык университетинин жанындагы таштанды челектен башы кесилген аялдын денеси табылып, Ош ШИИБи шектүүлөрдү издеп жаткан болчу.