Кыргызстандын көмүрчүлөрү кесиптик майрамын белгилеп жатышат
Новость KTRK/videograp

Кыргызстандын көмүрчүлөрү кесиптик майрамын белгилеп жатышат. "Кыргызкөмүр" ишканасы өз ишинде өзгөчөлөнгөн көмүрчүлөрдү ардак баракчалары менен сыйлады. Кыргызстанда көмүрчүлөр күнү 1995-жылдан бери 27-августта белгиленип келе жатат. 

Кыргызстандагы көмүр кендери 19-кылымдын аягынан баштап менчик тоо-кен өндүрүүчүлөр тарабынан казып алына баштаган. Ошондо, эң биринчилерден болуп Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак, Кызыл-Кыя жана Сүлүктү көмүр кендери иштей баштаган. 

Азыр көмүрчүлөр бул тармакты Кыргызстандын экономикасын алдыга сүрөп кетүүчү тармакка айландыруунун аракетинде. “Кыргызкөмүр” 2017-жылдын биринчи жарымында 700 миң тоннага жакын көмүр өндүргөн. 

Кыргызстанда көмүрчүлөр күнү 1995-жылдан бери 27-августта белгиленип келет. Бул датага карата “Кыргызкөмүр” ишканасы өз ишинде өзгөчөлөнгөн көмүрчүлөрдү ардак баракчалары менен сыйлады. Баткен облусундагы “Сүлүктү” көмүр кенинде 30 жылдан ашык эмгектенген Бегатан Гайбеков “Жылдын мыкты көмүрчүсү” аталды. 

Мындан сырткары, “Мыкты ишкана”, “Мыкты көмүр кени” сыяктуу наамдардын мыктылары аныкталды. Ошондой эле, “Кыргыз көмүрдүн” ардак баракчалары менен аймактардагы көмүр кендеринде иштеген жаш көмүрчүлөр сыйланды. 

“Кыргыз көмүр” ишканасы тоо-кен жагында окуган студенттерди жумушка тартып, аларды практикалык түрдө окутуп, көмүр өндүрүүнүн сапатын жогорулатууга аракетин жумшоодо. Бул ишкананын башчысы Мырза Жаманбаевдин айтымында, жакынкы аралыкта кыргыз көмүрү ички керектөөнү жапканга аракет кылып жатышат. 