Баткен: Бөжөй айылынын тургундарына жол каттамы ачылды
Новость

Баткен районунда 2013-жылы Чарбак айылындагы чек ара жаңжалынан улам тоо арасындагы Бөжөй айылынын тургундарынын каттамы бир айга жакын жабылган. Өзбекстандын Сох анклавы аркылуу каттап турган эл ал жакка кире албай калган. Мындан улам Өкмөт дароо чукул чара көрүп тоо боорунан көз карандысыз жол кура баштаган. Учурда долбоордо каралгандай толук бүтпөсө да бөжөйлүктөр жол аркылуу каттап жатышат.

Бел айылынан Сөгөт аркылуу Бөжөй айылына баруучу жолдун узундугу 14 чакырымды түзөт. Долбоордун жалпы суммасы 180 млн сом. Жолдун курулуш иштери чек арадагы жаңжалдан кийин кыш айларында башталган. Учурда тургундар бул жол аркылуу Кадамжай районуна андан ары башка район, шаарларга чыга алышат.

Долбоор боюнча жол толук бүтө элек. Учурда 80 млн сомдук жумуш жасалган. Негизги кооптуу аймактага тосмолор орнотулган. Бирок сел кетүүчү арыктар бүтө элек. Кыш мезгилинде тоонун тескей тарабында муз тоңуп каттам бир кыйла кыйындайт. Көп жылдар бою Бөжөй айылына электр энергиясы Өзбекстандын Сох анклавы аркылуу берилип турган. 2013-жылы Өкмөттөн 14,5 млн.сом каражат бөлүнүп, 14,5 чакырым аралыктан көз карандысыз электр линиясы тартылган. 

Чарбак айылындагы чек ара жаңжалынан кийин аймактагы социалдык маселелер оорлошуп, Өкмөттүк комиссия иштеп эң зарыл болгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн иш мерчем бекиткен. Анда чек аралаш кээ бир айылдарга чек ара бөлүкчөлөрүн, айылдык ооруканаларды, спортук имараттар менен мектептерди куруу каралган. Учурда бул социалдык тейлөө мекемелеринин көбү пайдаланууга берилген.