Сокулукта мас айдоочунун айынан 4 адам каза болду
Новость

POST1RIGHTСокулук районундагы Төмөнкү Чүй айылында айдоочу үч аялды жана велосипед тээп бараткан баланы коюп кетип, каза болушту. 

Окуянын күбөсүнүн айтымында, жол кырсыгы 22-августта түшкү саат он экилер чамасында болгон. Мас айдоочу жолдун четинде турган аялды жана анын велосипед менен турган 10 жаштагы небересин коюп кеткен. Алардын жанында дагы эки кемпир бар болчу. Жергиликтүү тургундар айдоочуну милиция келгенге чейин кармап турган. Аймактык милиция кырсык болгонун тастыктады. 

Маалыматка ылайык, учурда кырсык болгон жерде ыкчам топ иштеп жатат. Кармалган жаран Жаңы-Жер айылынын 47 жаштагы тургуну экендиги аныкталды. Мас абалында болгондуктан рулду башкара албай калганын айтууда. Ал эми каза болгондор базардан кайтып, жол четинде маршрутка күтүп турган. Жабырлануучулардын баары кырсык болгон жерде каза болушкан.