БШК: Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкер болуп катталды
Новость

POST1RIGHTБоршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова дагы бир талапкерге тиешелүү күбөлүктү тапшырды. Бул сапар Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкер болуп катталды. 

POST2LEFTЖээнбеков 46 миң кол топтоп, тил сынагынан 94,6 упай алган. Президенттик шайлоо Кыргызстанда 15-октябрда өтөт. БШКнын расмий каттоосунан буга чейин "Ак Шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев жана "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов өтүп, президенттикке талапкер деген күбөлүк алган. 

Сооронбай Жээнбеков премьер-министрлик кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазууну чечкенин, бул маселе боюнча бүгүн түштөн кийин президент Алмазбек Атамбаев менен жолугарын айтты.