Ала-Бел ашуусунда жүк ташуучу унаа кулап, айдоочусу жеринде каза болду
Новость www.turmush.kg

POST1RIGHT

Бишкек Ош жолунун Ала-Бел ашуусунда 19-август күнү жүк ташуучу унаа кулаган. Бул тууралуу акипресс маалымат агенттиги жазды. 

Маалыматтарга караганда жүк ташуучу унаа Казакстандан Токтогул ГЭСин реконструкциялоо жумуштарына электр зымдарын жүктөп келе жаткан. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу жеринде каза болду.Учурда кырсыкты иликтөө иштери жүрүп жатат.