POST1RIGHTБишкектеги Тынчтык проспектиси жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде 18-августта эртең менен саат 6.40 чамасында болгон жол кырсыгы эки кишинин өмүрүн алды. Шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, жол кырсыгында беш автоунаа кагылышкан.
POST2LEFTАлдын ала маалыматтарга караганда, Тынчтык проспектиси менен бараткан Toyota Windom үлгүсүндөгү автоунаа жол чыракта токтоп турган Mazda унаасын сүзгөн. Соккудан Mazda каршы тилкеге чыгып башка автоунаалар менен кагылышкан, айдоочуну кошкондо анын ичиндеги эки адам каза тапкан.
Жараат алгандардын саны тууралуу маалымат бериле элек. Toyota Windom үлгүсүндөгү машиненин айдоочусу кармалды, кырсыктын себептери такталууда. ИИМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери жол кырсыктарынан 300дөн ашык адамдын өмүрү кыйылды.