Көгүлтүр отко болгон баа төмөндөдү
Новость internet

Кыргызстанда март айында жаратылыш газына болгон баа төмөндөдү. Республикага жаратылыш газын жеткирүү келишими доллар менен түзүлгөндүктөн, "Газпром Кыргызстан" компаниясы Улуттук банк тарабынан ар бир айдын биринчи күнүнө карата бекитилген доллардын расмий курсуна жараша тарифтерди ай сайын кайрадан эсептеп чыгат. POST1RIGHT

Ошондо март айына карата калк үчүн сатыла турган 1 куб метр жаратылыш газынын наркы- 16 сом 56 тыйынды түздү. 

Айта кетсек, 2016-жылдын февралына карата республиканын калкы үчүн жаратылыш газына тариф 1 куб метрине - 16 сом 93 тыйынды түзгөн.