Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында гемодиализ борбору курулат
Новость www

POST1RIGHT
Бул багытта Саламаттыкты сактоо министрлиги менен германиялык “Фрезениус Медикал Кеар” компаниясынын ортосунда тиешелүү келишимге кол коюлду. Ишкана атайын конкурс аркылуу тандалып алынган.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде курулуш, жабдуу иштери 2019-жылы жыйынтыкталат. Кыргызстандагы гемодиализ борборлору эскилиги жетип, талапка толук жооп бербейт. Мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн негизинде бул багытта дагы 3 долбоорду жүзөгө ашыруу пландалууда.