11-12-августта "Ала-Тоо таңшыйт" фестивалы Ысык-Көл жергесинде. Ыйман-адеп жана маданият жылына карата 11-12- августта кереметтүү Ысык-Көлдө "Ала-Тоо таңшыйт" эл аралык улуттук музыкалык фестивалы өтүп жатат.
Фестивалдын алкагында “Ысык-Көлдү таза сактайлы” акциясына барыңыздарды чакырабыз. Фестивалдагы жандуу концертти 11-августта Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларынын көл жээгинде ачык асман алдында көрө аласыздар. Ал эми, 12-августта жыйынтыктоочу концерт Тоң районунун Көк-Сай айылынын Жайчы жайлоосунда уланат.