БШК Садыр Жапаровду президенттикке талапкер кылып каттоодон баш тартты
Новость www

POST1RIGHTшайлоо комиссиясы "Мекенчил" партиясынын лидери Садыр Жапаровду президенттикке талапкер кылып каттоодон баш тартты. Мындай чечим Боршайкомдун бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. 

Ага макул деп БШКнын 12 мүчөсүнүн тогузу добуш берип, 3 мүчөсү каршы чыкты. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2013-жылы Ысык-Көлдө Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкты уюштурду деп күнөөлөнүп жаткан Жапаровдун өкүмү 2-августта угузулган. 

Ал Кылмыш кодексинин 227- бийлик өкүлүн барымтага алуу беренеси боюнча 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилген.