Жол курууда заманбап жаңы технологияларды колдонуу зарыл. Бул тууралуу кечээ, 2 –мартта Кыргыз мамлекеттик курулуш, транстпорт жана архитектура университетинде өткөн илимий практикалык конференцияда айтылды. Жыйын, техника илимдеринин доктору, профессор Райкан Картаңбаевдин туулгандыгынын 60 жылдыгына арналып уюштурулган. Иш-чарага, Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Таджикстандан келген белгилүү окмуштуулар, жол тармагындагы мамлекеттик жетекчилер жана адистер катышты.