БШК: Өмүрбек Бабанов 107 миң шайлоочунун колун тапшырды
Новость

POST1RIGHTБорбордук шайлоо комиссиясынан билдиргендей, 30 миң шайлоочунун колун топтоо талабын президенттикке талапкерлердин бири Өмүрбек Бабанов аткарды. Ал 107 миң шайлоочунун колун Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырды. Эми БШК 10 күндүн ичинде кол тамгалардын анык экенин текшериши керек. 

POST2LEFTОшондой эле, президенттикке талапкерлердин тил сынагы да уланууда. 7-августта биринчи болуп мамлекеттик тилден сынакты талапкер Азимбек Бекназаров тапшырды. Эки саатка созулган тесттин жыйынтыгында Бекназаровдун кыргыз тилин билүү деңгээли 86 упайды түздү. Учурда президенттикке дагы бир талапкер Токтобүбү Таласбаева тапшырууда. Түштөн кийин Дамира Токтосунова сынак тапшырат.