Ошто гепатитке каршы бир айлык акысыз акция жүрүүдө
Новость KTRK/videograp

Вирустуу гепатит - боорду жабыркаткан жугуштуу оору. Мына ушул оору менен күрөшүү жана ооруну жайылтпоо максатында саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бир айлык акция жүрүүдө. 28-августка чейин улана турган акысыз акция - Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун вирусологиялык лабараториясында жүргүзүлөт. POST1RIGHT

Жугуштуу илдет өңчөй мектеп курагына чейинки жаш балдарда көп катталат. Жугуштуу сарык ооруларынын 5 түрүнүн ичинен “А” вирусу адам өмүрүнө кооптуу болгондуктан муну өз учурунда кынтыксыз дарылоо талап кылынат. Анткени, гепатит - дарылабаса, циррозго, ракка өтүп кетүүчү дарт. 

Илдетти алдын алууда жана сактанууда дарыгерлер өздүк гигиненаны так сактоону эскертет. Статистикалык маалыматтарга караганда, гепатит илдети өткөн жылга салыштырмалуу 16 пайызга төмөндөгөн. Эң көп катталган аймак болуп, Оштун Кара-Суу, Ноокат жана Чоң-Алай райондору кирет.