POST1RIGHT
Учурда ал жердеги 4 генератордун бирөөсүндө шаймандары жаңыртылып, трансформаторду орнотуу иштери аяктап калды. Бул жаңы агрегат кандайдыр жарылуу болгон жана өрт учурларында алдын алуу системасы менен камсыздалган. Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү иштери 2023-жылы аяктайт. Теманы кабарчыбыз улантат.
Отуздун кырын ашып калган Тынчтык Насрынбеков Токтогул ГЭСине иштегени келгенде болгону 16 жашта болчу. Орто техникалык билимдин ээси алгач слесарь электромонтер болуп ишке орношот. 14 жыл аралыгында жогорку билимге ээ болууга жана станциянын түрдүү тармагында иштеп мыкты адис болууга жетишкен. Ал учурда өндүрүштүк -техникалык башкармалыгынын инженери милдетин аркалайт. Аны менен катар ГЭСтин алмаштыргыс кызматкери.
Өлкөнүн дээрлик көпчүлүк бөлүгүн жарык менен камсыз кылган кызматкер өмүрүн тобокелдикке салып иштеп жаткан учуру. Анткени ГЭС чейрек кылым мурун ремонттолууга тийиш болчу. Көп күттүргөн оңдоп түзөө иштеринин жүрүп жатканына жамаат чексиз кубанычта. Токтогул ГЭСинин жабдуулары 40 жылдан бери алмаштырылбай иштетилип келгендиктен, техникалык жактан жедеп эскирип калган. Анын кесепетинен өткөн жылы бир канча жолу авариялар катталган. Бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес.
Гидроэлектростанцияны толук модернизациялоо долбоору үч этаптан турат. Алгач эле эскилиги жеткен негизги электр жабдууларды, тактап айтканда 550кВттык кабелдик чубалгыларды, жогорку кубаттуулуктагы трансформаторларды жана энергия бөлүштүрүүчү жабдыктарды алмаштыруу зарылчылыгы жаралган. Ушул тапта оңдоп-түзөө иштеринин экинчи этабы жүрүп жатат. Анда ГЭСтин 2 агрегаты менен бирге бардык затворлор алмаштырылат.