POST1RIGHT
БШКнын 1-августка маалыматына караганда, президенттик кызматка ат салышууну көздөп жалпы 59 киши арыз берди.
Анын 48и өзүн өзү көрсөтсө, он бирин саясий партиялар сунуштаган. Арыздарды кабыл алуу 31-июлда түнкү саат 12:00дө токтоду.
Шайлоо мыйзамына ылайык, эми президенттикке көрсөтүлгөн жаран 30 миңден кем эмес кол топтоп, 1 миллион сомдук шайлоо күрөөсүн төлөп, шайлоо фондун ачып жана мамлекеттик тилди билгени боюнча тест тапшырышы керек.
Учурда президент болгусу келгендер кыргыз тилден сынак тапшырып жатышат.
Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"