БШК: президенттикке талапкерлерден арыз кабыл алуу токтоду
Новость

POST1RIGHT

БШКга президенттик кызматка ат салышууну көздөп жалпы 59 киши арыз берди. Анын 48и өзүн өзү көрсөтсө, он бирин саясий партиялар сунуштаган. Арыздарды кабыл алуу 31-июлда түнкү саат 12де токтоду. 

Шайлоо мыйзамына ылайык, эми президенттикке көрсөтүлгөн жаран 30 миңден кем эмес кол топтоп, 1 миллион сомдук шайлоо күрөөсүн төлөп, шайлоо фондун ачып жана мамлекеттик тилди билери боюнча тест тапшырышы керек. 

Андан кийин БШК 15-августтан тарта аларды талапкер катары каттай баштайт. Учурда президент болгусу келгендер кыргыз тилден сынак тапшырып жатышат. Президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.