ГЭСтерди куруу боюнча тендерге катышып жаткан "Liglass Trading" компаниясы кепилдик төгүмүн төлөдү
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

"Liglass Trading" чех компаниясы кепилдик төгүмүн төлөдү. Бул маалыматты Өнөр жай, энергетика жана жер ресурстарын пайдалануу мамлекеттик агенттиги ырастады. Билдирмеге караганда, бул кадам чехиялык ММКлардын жана Кыргызстандагы айрым саясатчылардын тендерди уткан компания кепилдик каражатын төлөй албайт деген жоромолду төгүндөдү. 

POST2LEFTБуга байланыштуу Өнөр жай, энергетика жана жер ресурстарын пайдалануу мамлекеттик агенттиги мындай деп билдирет: "Абалды андан ары курчутуу жана долбоордун беделине шек келтирүү максатында көз көрүнөө такталбаган, айрым учурда жалган маалыматтарды жайылтуу уланып жатканын кайгыруу менен билдиребиз. Өнөр жай, энергетика жана жер ресурстарын пайдалануу мамлекеттик комитети эстүүлүккө чакырат. Айрым ММКлар жана саясатчылар чыгарган ыксыз чуулганды токтотууну өтүнөбүз".

Мамкомитет бардык кызыктар жактар менен конструктивдүү кызматташууга даяр экендигин дагы бир жолу ырастайт. Ал эми кепилдик төгүмдөрүнө токтолсок, чакан ГЭСтерге жарыяланган тендердин шарттарына ылайык, катышуучулар кепилдик төгүм акчасын төлөп, муну тастыктаган документти көрсөтүшү керек.

Кепилдик төгүмү тендерге катышуу үчүн милдеттүү шарт жана аны тендердин бардык катышуучулары жумушчу органдын депозиттик эсебине, тагыраак айтканда Өнөр жай, энергетика жана жер ресурстарын пайдалануу мамлекеттик комитетине төгөт.

Liglass Trading" компаниясы кепилдик төгүмүн төлөдү, бул тиешелүү документтер менен тастыкталды. Республикалык бюджеттин депозиттик каражаттарынан эсептин көчүрмөсү бар.
Финансы министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн бул документ кепилдик төгүмдөр катары төлөнгөн каражаттардын бар экендигин ырастайт. Мындан улам, чакан ГЭСтерди куруу боюнча тендерге катышып жаткан чехиялык "Liglass Trading" компаниясынын кепилдик төгүмдөрү жок деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Көрсөтүлгөн документтерге ылайык, "Liglass Trading" компаниясы 1 миллион 147 миң 719 доллар суммасындагы кепилдик төгүмүн жана тендерге катышууга зарыл болгон 2 миллион сом жыйымды төлөдү.