Бишкек шаарындагы жылуулук электр борборун модернизациялоо иштери аяктады
Новость

POST1RIGHT

Бишкек шаарындагы жылуулук электр борборун модернизациялоо иштери 7-июлда расмий соңуна чыкты. Борборду жаңылоо процесси башында пландалгандай эле дээрлик 3 жылга созулду. Ондоп-түзөөнүн өзгөчөлүгү - модернизация иштери учурунда жылуулук борбору бир мүнөткө да токтобой, шаардыктар ысык суусуз калган жагдай болгон жок. Сергей Тушев Жылуулук электр борборунда иштеп жатканына 17 жыл толду. Бул жерде убагында анын атасы иштечү экен. Ага эң башкысы мындагы эмгек жамаатынын коопсуздугу менен шаарды үзгүлтүксүз жылуулук жана электр энергиясы менен камсыз кылуу маанилүү.

Учурда Сергейди жана жылуулук борборунун башка кызматкерлерин кытайлык адистер окутуп жатышат. Анткени модернизациядан кийин бул жерге эл аралык талаптарга жооп берген жаңы жабдыктар орнотулган.

Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо 2014-жылы май айында башталып, өз мөөнөтүндө соңуна чыкты. Үч жыл мурун 8 от казандын бешөөсү жана 4 турбоагрегаттын экөөсү иштен чыгып калган.