Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча келишим ишке ашырылууда
Новость

POST1RIGHT

Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча келишим өз убагында жана мыйзамдын талаптарына ылайык ишке ашырылууда. Бул тууралуу "Лиглаз Трейдинг" компаниясынын өкүлдөрү билдиришти. Алар белгилегендей, чехиялык компания буга чейин кыргыз өкмөтү жарыялаган тендерден ийгиликтүү өтүп, долбоордун алкагындагы алгачкы кепилдик каражаттарынын бардыгын төлөшкөн. ГЭСтерди куруу келишими учурда кайсы даражага келип жетти? 

Жогорку Нарын каскадынын 4 ири ГЭСин жана 10 чакан гидро электростанцияларды куруу боюнча тендерди кыргыз өкмөтү июнь айында жарыялаган. Аны чехиялык “Лиглас Трейдинг” компаниясы утуп чыккан. Компания өкүлдөрү тендер ачык айкын өткөнүн, ага катышуу үчүн чет элдик инвесторлор кыргыз тараптын койгон бардык талаптарын аткарганын белгилешет.