Президенттикке талапкерлердин саны 37ге жетти
Новость www

Президенттикке ат салышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз бергендердин саны 37ге жетти. Боршайкомго Акматбек Келдибековду жана Камчыбек Ташиевди талапкерликке көрсөткөн «Ата-Журт» саясий партиясынын чечими келип түштү. 

Ошентип, БШКга чоң жарышка аттануу үчүн 30 жарандан өзүн-өзү көрсөтүү боюнча арыз келсе, калган жети кишини партиялар сунуш кылган. Бул 7 талапкердин экөө бир партиянын атынан.