Ошто заманбап бейтапкана курулууда
Новость

POST1RIGHT

Ошто 2 миллиард сомдук оорукана курулуп жатат. 150 орундуу бейтапкана үч кабаттан турат. Курулуш Кытай Эл Республикасынын грантынын негизинде курулууда. Мекеменин имараты 2018-жылдын экинчи кварталында аяктайт. Оорукана заманбап жабдуулары менен кошо пайдаланууга берилээрин куруучу компаниянын өкүлдөрү билдирүүдө. 

Адистердин пикиринде, оорукананын ишке кириши менен, буга чейин заманбап медициналык аппараттар менен дарыланыш үчүн чет өлкөлөргө барган жергиликтүүлөрдүн чыгымдары кыскарат.

"Оорукана заман талабына толук жооп бере тургандай шартта курулат. Ал эми мында иштей турган дарыгерлер да атайын окуудан өткөрүлөөрүн саламаттыкты сактоо министрлиги билдирип жатат. Азыр тийиштүү мекемелер ортосунда бейтапкананын ички инфраструктурасын жайгаштыруу чаралары көрүлүүдө. Бул оорукана ишке кирсе, жергиликтүүлөрдүн чет өлкөлөргө барып дарыланган муктаждыктары чечилет деген үмүттөбүз",- деди Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Мирлан Исраилов.