Энергетиканы күчтөндүрүү аракети
Новость

POST1RIGHT

Президент Алмазбек Атамбаев Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктары мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды. 

Мамлекет башчысына өлкөнүн энергетикалык системасынын иши жана алдыда келе жаткан жылытуу мезгилине даярдыктык көрүү чаралары тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле өлкөдөгү гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелери дагы талкууланды. Тактап айтканда Президент чехтердин «Liglass Trading CZ, SRO» компаниясы менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушу тууралуу макулдашууну ишке ашыруу боюнча даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалымат укту. 

Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик комитеттин төрагасынан, мурда кол коюлган макулдашулардын шарттары талап кылгандай, мамлекеттин кызыкчылыктарын сактоо менен, өлкөбүз үчүн маанилүү гидроэнергетикалык долбоорду ишке ашырууга абдан дыкаттык менен даярдык көрүүнү камсыз кылууну тапшырды.