POST1RIGHT
Бишкек шаары менен Чүй облусундагы айрым жерлерде электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашы оңдоо иштеринен улам болууда. Энергетиканы өнүктүрүү багытындагы атайын программанын алкагында көмөк чордондорду жаңылоо иштери жүрүп жатат.
Анын алкагында Бишкек менен Чүйдүн электр линияларынын 25 пайызы алмаштырылат. “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ишканасы электр жарыгы 2 күндүн ичинде калыбына келтирилет деп билдирди.