Ири каскаддын курулушу ири көлөмдөгү электр энергиясын экспорттоого шарт түзөт
Новость KTRK/videograp

Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушу энергетика тармагында натыйжалуу башкаруу жүрүп жатканын айгинелейт. Мындай пикирлери менен бир катар адистер бөлүштү. Айтымдарында, ири каскаддын жана дагы он чакан гидро электростанциялардын курулушу энергетикалык көз карандылыкты жоюу менен гана чектелбестен, ири көлөмдөгү электр энергиясын экспорттоого да шарт түзөт. POST1RIGHT

Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча Россия менен болгон келишим соңуна чыкпай калгандан кийин, бул ири долбоорлорго кайрадан инвестор изделе баштаган. Андан эки жыл өтпөй Кыргызстанда төрт ири ГЭС жана он чакан гидро электр станцияларын курууга инвесторлор табылды. Курулушту Чехиялык компаниялар улантмай болду. Адистер Кыргызстандагы ГЭСтерди Орусиялык компаниялардын курбай калганын бир жагынан өлкө үчүн да пайда болгонун айтышууда. Анткени алгачкы долбоордо курулуштун чыгымдары өтө көбөйтүлүп калганын айтышат. Чехиялык компаниялар болсо ири жана чакан ГЭСтердин бардыгын жалпы 500 миллион долларга бүтүрмөй болду, бул баштапкы баадан бир жарым эсеге аз.

Эксперттердин пикиринде Кыргызстан энергетика тармагындагы көз карандылыгын жоюуну дагы да улантышы керек. Буга чейин Датка Кемин электр өткөрүүчү линиясы курулуп, бул өлкөнүн Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетикалык шакекчеси аркылуу келген электр жарыгына болгон кз карандылыкты жойду дешет.  Датка Кемин электр өткөргүчүн куруу демилгеси илгертеден эле айтылып келсе да, ал мындан төрт беш жыл мурун гана ишке ашты. Өлкө электр жарыгынан сырткары коңшуларга көгүлтүр оттон да көз каранды болуп келген. Азыр болсо мурдагыдай кышкысын газ же электр жарыгынын жетишсиздиги жок.

Мындан ары да өлкөдө көгүлтур от же электр жарыгынан көйгөй болбойт дешет адистер. Анткени мамлекет энергетика тармагында натыйжалуу башкарууну колго алып, жаңылоо иштери байма бай жүрүүдө. Маселен азыркы учурда Токтогул ГЭСи толук реконструкциядан өткөрүлүп, Бишкек электр жылуулук борборун оңдоо иштери соңуна чыгайын деп калды.