Москвадагы өрттөн Кыргызстандын эки жараны жабыркады
Новость

POST1RIGHT

Орусиянын борбор калаасы Москвадагы «РИО» соода жана оюн-зоок борборунда чыккан өрттөн Кыргызстандын эки жараны жабыркады. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди. 

Жаракат алгандар ооруканада дарыланууда. Абалдары оор. 10-июль күнү кечинде катталган кырсыктан улам 18 адам жабыр тарткан. Элчилик маселени көзөмөлгө алып, оорукана менен тыгыз байланышта болууда.