POST1RIGHT
Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын чехиялык компания курат. Эки тараптуу келишимге бүгүн кыргыз өкмөтү менен Чехиянын «Liglass Trading CZ, SRO» компаниясынын ортосунда кол коюлду. Ага ылайык Жогорку Нарын каскады толугу курулат, андан сырткары ондон ашык чакан гидро электростанциялар курулуп, эксплуатацияга берилет.
Мындан сырткары, чех тарап Кыргызстандын орусиянын алдындагы 37 миллион доллар карызын төлөп берүүнү өз мойнуна алат. Бул каражатты орусиялык ишкерлер курулуштун даярдоо иштерине жумшаган болчу.
Орусия баштаган иш аягына чыккан эмес. Эми бул жумушту чехтердин “Лиглас-Трейдинг” компаниясы аткарат. Өлкө башчы, Европадан ири жеке инвестордун келиши дүйнөдөгү бардык потенциалдуу инвесторлорго кубаттуу белги берип, Кыргызстан бизнес жүргүзүүгө жана өз ара пайдалуу биргелешкен долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн зарыл болгон бардык шарттарды түзүүгө даяр экендигин ырастайт деди.
Эми европалык инвесторлор Жогорку Нарын каскадынын эки станциясын курууга 230 миллион доллар жумшоого даяр.
Жогорку Нарын ГЭСтер каскады келишим боюнча сегиз гидро электростанциясынан турат. Бирок биринчи кезектеги курулуш үчүн төрт гидро электростанциясы сунушталууда. Булар Акбулуң ГЭСи, Нарын ГЭС-1, Нарын ГЭС-2 жана Нарын ГЭС-3. Чехиялык «Liglass Trading CZ» компаниясы Акбулуң жана Нарын ГЭС-1ди курууга кызыкдар болуп жатат. Курулуштун мөөнөтү болжол менен төрт жыл. Бул гидро электростанциялар курулуп, ишке берилген соң калган эки- Нарын ГЭС-2 жана Нарын ГЭС-3түн курулушу боюнча сүйлөшүүлөр башталат.