POST1RIGHT
Кыргызстан жай мезгилинде электр энергиясын экспорттоо боюнча Өзбекстан менен макулдашты. Бул тууралуу Улуттук энергетикалык холдинг билдирди.
Маалыматка караганда, 16-июндан 4-июлга чейин коңшу өлкөгө 192,5 миллион киловатт-саат электр энергиясы экспорттолду. Келишим боюнча октябрга чейин 1,25 миллиард киловатт-саат электр энергиясын экспорттоо пландалууда. Суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу үчүн аны экспорттоо маселеси быйыл февралда талкууланган.
Өзбекстан үчүн электр тарифи киловатт-саатына эки центке бааланган. Аталган мекеменин билдиришинче, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 6-июлда 18,78 миллиард куб метрге жетти. 22-июлга карата 19,5 миллиард куб метрди түзүшү ыктымал. Эгер суу ашыкча топтолсо, плотинадан сууну коё берүүгө туура келет.