Токтогул ГЭСинде модернизациялоо иштеринин экинчи этабы жүрүп жатат
Новость KTRK/videograp

Токтогул ГЭСинде трансформаторду орнотуу иштери 20 күндүн ичинде аяктайт. Бул туурасында станцияны жаңылоо аракеттеринин жүрүшүн жеринен көргөн Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев билдирди. Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө ГЭСти модернизациялоо иштеринин экинчи этабы жүрүп жатат. 2022-жылы ГЭС толугу менен жаңыланып иштеп баштайт. Токтогул ГЭСиндеги кабелдик линиялар өтчү пункт. Иштөө мөөнөтү 25 жылга эсептелген, бирок 43 жыл бою иштеп, техникалык да эскилиги жетип иштен чыккан. ГЭСти жаңылоо долбоорунун алкагында мындагы кабелдик линиялар алмаштырылды. 

Жаңы коюлган кабелдик линиялардын өрт коопсуздугу жогорку деңгээлде экенин адистер белгилешет. ГЭСти модернизациялоо долбоору 3 фазага бөлүнгөн. Кабелдердин алмаштырылышы менен биринчи этап аяктап, экинчи фазасында трансформаторлорду орнотуу иштери башталды. Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 18 миллиард 735 миң кубду түзүүдө. Суу сактагыч 19 жарым миллиард куб сууну батырат. Ал чекке жетүүгө 2,5 метр гана калды. Суунун келүүсү көбөйсө анын чыгышы да көбөйүшү мүмкүн. Мындан улам энергияны өндүрүү көбөйүп Өзбекстанга экспорттолууда. 

Токтогул ГЭСинин модернизациясы 2022-жылы аяктайт. Ага чейин бардык жаңылоо иштери белгиленген план боюнча жүрүп жатканын Калиев белгиледи. Жыйынтыгында Токтогулдун электрди өндүрүү кубаттуулугу 240 МВтка жогорулайт. Ал эми Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоо иштери аяктады. Июль айынын аягында анын расмий ачылышы болот. 

Токтогул ГЭСинин модернизациясы 2022-жылы аяктайт. Ага чейин бардык жаңылоо иштери белгиленген план боюнча жүрүп жатканын Калиев белгиледи. Жыйынтыгында Токтогулдун электрди өндүрүү кубаттуулугу 240 МВтка жогорулайт.