Кыргызстан «CASA-1000» долбооруна өзгөчө маани берет. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Тажикстанда өткөн жыйында билдирди. Өкмөт башчысы долбоор Борбор Азия менен Түштүк Азияда электр энергиясынын бирдиктүү рыногун түзүү үчүн маанилүү экенин белгиледи.
Кыргызстан долбоорду ишке ашыруу багытында тиешелүү талаптарды аткарып жатат. Сооронбай Жээнбековдун айтымында долбоорго зарыл болгон электр өткөрүүчү линия 2018-жылдын январь айында курула баштайт.
CASA-1000» долбоору Борбор Азия менен Түштүк Азиянын ортосунда электрэнергиясынын рыногун түптөп, аны өнүктүрүүгө шарт түзөт. Ал Ооганстандын гана бакубатта болушун гана эмес, биздин экономикабыздын да туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылат. "КАСА-1000" долбоорунун элибиздин кызыкчылыктары үчүн эртерээк ишке ашып, өлкөлөрүбүздүн ортосунда кызматташтык бекемделишин каалайбыз,- деди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.