Буга чейин салык төлөөчүлөр салык кызматкерлеринин иш аракеттерине нааразы болуп сотко кайрылган учурда, бул багытта бирдиктүү тажрыйба жоктугунан, маселени жөнгө салуу кыйын болгон.Эми бул жаатта жаңы эрежелер ишке киргизилмекчи.
Пленумдун күн тартибинде бир маселе. Салык төлөөчүлөр тарабынан салык кызматынын чечимдерине жана кызматкерлердин иш аракетине же аракетсиздигине карата даттануу тартибин аныктоо. Соттук тажрыйбаны иликтөөнүн жыйынтыгы салык кодексинин айрым бир нормалары боюнча бирдиктүү соттук тажрыйбанын жоктугун далилдеген. Андыктан Жогорку Соттун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы токтомдун долбоорун даярдаган. Ал бардык кызыкдар тараптардын сунуш пикирлерин эске алуу менен кабыл алынды. Документ Жогорку Соттун илимий-консультативдик кеңешинде да каралып талкууланган.
Сот тарабынан каралып жаткан салык боюнча талаш-тартыштардын негизгилери болуп карызды өндүрүү, салык төлөөчүлөрдүн доолору боюнча бюджеттен акча каражатын кайра кайтаруу, салык органдарынын ченемдик эмес актыларын жараксыз деп табуу жана салык кызматкерлеринин аракеттерине даттанууга байланышкан маселелер. Буларды оң жагына чечүү коомдук саясий кырдаалга таасир берет дешет адистер.