Жалал-Абадда жүрөк органына сейрек кездешүүчү операция жасалды
Новость www

Жалал-Абадда сейрек кездешүүчү операция жасалып, бейтаптын жүрөгүнүн үч клапаны алмаштырылды. Бул тууралуу дарыгер Калдарбек Абдраманов билдирди. Операция Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк кан тамыр хирургиясы илимий изилдөө борборунда жасалган. POST1RIGHT 

Анда дарыгерлер 49 жаштагы Бурма Исаеванын жүрөгүнүн үч клапанын алмаштырган. Профессор Калдарбек Абдрамановдун айтымында бейтап буту менен ичи шишип, боору чоңоюп, өпкөсүнө суу толуп, оор абалында келген.Анын акчасы жана жардам бере турган адамдары жок болгон. 

Мындай абалдагы бейтаптарды дүйнө жүзүндөгү көпчүлүк ооруканалар операцияга алышпайт. Анткени алардын жетимиш пайызы өлүм менен аякташы мүмкүн.Профессор ошондой эле мындай операцияны көпчүлүк хирургдар тобокелдикке салып жасабай тургандыгын кошумчалады.