Жай, ыссык....
Ал эми көл жээгинде эс алып, сууда сүзүп, волейбол ойноп, кечки ай нуру чагылышкан көлдүн кереметтүү көрүнүшүнө суктанып сейилдегендер канча. Бул күжүрмөн кыргыз элинин жарымы гана, калган жарымы ыссык күндөргө карабай клип тартып, күйөрмандарына жайкы хит жаратайын дегендер. Алардын катарын Нурлан Насип толуктайт.
Сүйүү тууралуу ырлары көбөйгөнүнө байланыштуубу, жеңесинин ыссык чайын сагынбы айтор, жаңы чыгарма “Жеңеке” деп аталат. Даяр болгон соң, клип менен ыр тең тайлаша тартууланат экен. Жакында жаңы чыгармага күбө болобуз )