POST1RIGHT
Бишкектин Октябрь райондук соту башкы прокурор Индира Жолдубаеванын Zanoza.kg сайтынын журналисти Нарын Айып боюнча дагы бир доо арызын толук канааттандырды. Тактап айтканда Нарын Айыптын быйыл 1-мартта Zanoza.kg сайтына жарыялаган эки макаласы боюнча иш каралды.
Башкы прокурор, макалада Атамбаевдин ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирилген деген негизде сотко кайрылган. Сот муну жүйөлүү деп таап, журналисттен 3 миллион сом өндүрүү тууралуу чечим чыгарды.
Эскерте кетсек, 30-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту Башкы прокуратуранын Zanoza.kg сайты жана журналист Нарын Айып, экс-депутат Чолпон Жакуповага байланыштуу доо арызын толук канааттандырган. Сот аталган жарандар жана маалымат каражаты президенттин ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирди деп таап, алардын ар биринен 3 миллион сомдон доо өндүрүү тууралуу чечим чыгарган. Доого жыгылган тарап буга макул болбой Бишкек шаардык сотуна кайрыла турганын билдирди.