Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Бишкек шаарындагы Панфилов сейил багындагы “Аист” кафесинде 2-июлда үч газ баллон жарылып кеткен.
Өрт өчүрүүчүлөр жарылып кетүү коркунучу бар дагы эки газ баллонду алып чыгып, зыянсыздандырган.
Жарылуунун кесепетинен 130 чарчы метр болгон кафе толугу менен күйүп, жайкы ашканасынын чатыры өрттөнүп кеткен. гөн. Киши өмүрүнө зыян келген жок. Азыр өрттүн чоо-жайы такталууда.