Талас облусунда эки журналист Беш-Таш суусуна агып каза болду. Кырсыктан каза тапкандар Next TV каналынын аткаруучу директору Сүйүн Өмүрбеков менен кабарчысы Эльмира Сүйүтбекова болгон. Куткаруучулар кырсык болгон жерге барганда алар менен чогуу эс алууга чыккан кесиптештери сөөктөрдү суудан алып чыкканга үлгүрүшкөн. Экөөнө көрсөтүлгөн алгачкы медициналык жардам майнапсыз болгон.
Окуя болгон жердеги териштирүүдө 38 жаштагы аял сууга бетин жууп жатып, Беш-Таш дарыясына түшүп кеткендиги аныкталган. Анын артынан 34 жаштагы эркек адам куткарам деп секирген. Суунун агымы катуу болгондуктан экөөнү агызып кетип, каза болушкан.
Белгилей кетсек, Эльмира Сүйүтбекова 2011-2017 жылдар аралыганда Коомдук Биринчи каналдын "Ала-Тоо" маалымат программасынын Талас облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Маркум Элмира Сүйүтбекованын артында үч кыз, бир уулу калды. КТРКнын жамааты каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.