Адам өмүрү менен күрөшкөн ак халатчандар
Новость

POST1RIGHTАк халатчандар күн сайын көптөгөн өмүрлөрдү сактап калат. Адамдын дем алуусу, кыймылы атүгүл жашоосу дагы алардан көз каранды. Ал адамдардын жардамы менен бул дүйнөгө келебиз да, өмүрүбүз өткүчө колдоосуна муктаж болобуз. Бул сөздөрдүн барына медицина кызматындагылар гана татыктуу. 

Профессор Абдрасул Калжикеев Улуттук Хиругия Борборуна мындан 70 жыл мурда келген. Кийинки кезде сокур ичеги менен кайрылгандар көбөйдү. Соңку мезгилдерде мындай илдетке кабылып, күчөп кеткенде гана дарыгерге келген адамдардын саны арбын болуп жатыптыр.

Улуттук Хирургия Борборуна көбүнчө өмүрү коркунучка кептелип, тез арада хирургдун жардамы керек болгондор түшөт. Ал эми төрөт үйүндөгү ак халатчандар бир эле маалда көптөгөн адамдын өмүрүн сактап калышат.  Дарыгерлердин милдети жөн гана оорудан айыктыруу эмес, бейтаптын андан аркы жашоосуна дем берип, толук кандуу өмүр сүрүп кетишине өбөлгө түзүү.