Бишкек шаарынын мэриясы, Свердлов районунун акимиаты жана "Мин Кыял FM" радиосу ачык асман алдында шаар тургундарына жана анын конокторуна заманбап концерт тартуулады. Иш күндөрүнүн соңунда, келген көрүүчүлөргө өзгөчө шаңдуу кеч жараткандар: Кайрат Примбердиев, Айчурөк Иманалиева, Айым Айылчиева баш болгон таланттуу жылдыздар жайдын аптаптуу кечиндеги атмосферада, позитивке бөлөштү. Андагы кызыктуу учурлар тууралуу сүрөттөр сүйлөйт!