POST1RIGHT
Кыргызстан кыйноолорго алгандарга карата жазаны күчөтүшү мүмкүн. Бул боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды талкуулаган отурумдар өлкөнүн бардык аймактарында өтө баштады. Долбоордо – кыйноого алуу өтө оор кылмыш катары киргизүү сунушталууда. Эгер бул сунуш депутаттардын колдоосуна ээ болсо, 2019-жылы күчүнө кирет.
Анда кыйноо боюнча оор кылмыш жасагандар 7, өтө оор кылмышты уюштургандар 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Эскерте кетсек, сунушталып жаткан мыйзам долбоору адамдарга катаал мамиле жасагандар оор кылмыш жана өтө оор кылмыш категориялары боюнча жазаланат. Тагыраагы оор кылмыш жасагандар 7 жылга, өтө оор кылмышты уюштургандар болсо, 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы керек.
Асанбек Пазыл, "Биринчи радио"