POST1RIGHT
Чолпон-Атада унаа койдуруп кеткен кайгуул милиция кызматкери ооруканада каза болду. Бул тууралуу ИИМдин Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Кырсык 28-июнда, саат 16.30 чамасында катталган. Жаракат алган 36 жаштагы милиция кызматкерине операция жасалгандан кийин каза болуп калды. Subaru Forester үлгүсүндөгү унаанын 25 жаштагы айдоочусу Чолпон-Атанын Совет көчөсү менен батышты көздөй бараткан. Ал борбордук мечиттин аймагына жеткенде рулду оң жакка буруп жиберген, натыйжада кызматтык унаасынын жанында турган милиционерлерди сүзүп кеткен. Экинчи милиционер убагында качууга жетишип, жабыркаган эмес.
Ал эми оор жаракат алган кызматкердин эки буту сынып, ички органдары жабыркаган. Аны тез жардам кызматы оор абалда Ысык-Көл райондук ооруканасына жеткириген. Subaru унаасынын айдоочусу кырсык болгон жерден качкан эмес. Унаалар айып короого токтотулуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.